Опубликовано
20.02.2020, 11:00Wildberries онлайн-дүкөндүн негиздөөчүсү жана ээси Татьяна Бакальчук, Forbes басылмасынын версиясы боюнча Орусиянын эң бай айымы деп аталды. Бул тууралуу vc.ru порталы кабарлады.
[news 16636]
Басылманын маалыматы боюнча, Бакальчуктун дүнүйөсү Wildberriesдин жүгүртүмү 88 пайызга жогорулагандыгына байланыштуу 400 млн долларга көбөйгөн. Көрсөткүч бир жыл ичинде 223,5 млрд рубльга жеткен. Forbes анын 2020-жылдын 20-февралына карата дүнүйөсүн 1,4 млдр долларга баалаган.
Wildberriesте кошумча акционерлер жок, Татьяна Бакальчук ээси болуп эсептелинет.
Forbesдин түшүндүрмөсү боюнча Wildberries – бул айкын эмес ишкана болгондуктан баасы сатуулардын жана кирешелердин көлөмү боюнча эсептелинет.