Опубликовано
30.03.2020, 08:30WTI маркасындагы мунайдын Лондондогу ICE биржасындагы бир баррелге болгон баасы - 20 $ түзгөн. Мындай баа акыркы жолу 2002-жылы коюлган. Бул тууралуу ТАСС порталы билдирди.
[news 22086]
Белгилей кетсек, Москва убактысы боюнча саат 01:35те WTI маркасына болгон мунайдын бир баррелге болгон баасы 19.48 $ (8.5% азайган) түзгөн. Саат 03:03 20.4 $ (5.5% азайган) түзгөн.
Brent маркасындагы мунайдын 2020-жылдагы июнь айында коюлган баасы - биржадагы сооданын башталышында 7.9% - 23.01 $ чейин төмөндөгөн. 03:03 убактысында Brent маркасындагы мунайдын баррелге болгон баасы 6.1% төмөндөп, 23.5 $ түзгөн.
Мунай рыногундагы абал, коронавирус пандемиясынын күчөп жатышы менен байланыштуу.