Akchabarsearch
Источник фото: www

Опубликовано

15.02.2022, 04:46

2022-жылдын январында мурунку айга салыштырмалуу ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин бардыгында керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы белгиленди. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

2022-жылдын январында 2021-жылдын январына салыштырмалуу экономиканын керектөө секторундагы инфляциянын эң жогорку деңгээли (11,2 пайыз) Кыргызстанда катталды.

Ошентип, үстүбүздөгү жылдын январында 2021-жылдын январына салыштырмалуу Кыргызстанда азык-түлүк товарларынын (алкоголдук ичимдиктерди жана тамекилерди эсепке алуу менен) баалары жана тарифтери – 12,8 пайызга жана азык-түлүк эмес товарлардын баалары жана тарифтери 9,7 пайызга көп өлчөмдө жогорулады. Ошол эле мезгилде Беларусияда кызмат көрсөтүүлөрдүн бааларынын максималдуу өсүүсү (9,1 пайыз) катталды.


Читать похожее

  • 14.02.2022, 22:46:26
  • 12.01.2021, 22:30:43
  • 04.08.2020, 22:03:32