Akchabarsearch
    Источник фото: www

    Опубликовано

    18.04.2022, 04:49

    Кыргызстанга Өзбекстандан 4 миң 977 тонна аммиак селитрасы ташып келинди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

    Маалыматка ылайык, аммиак селитрасы өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, республиканын минералдык жер семирткичтерге болгон керектөөсүн толук камсыздоо жана стратегиялык корду түзүү максатында алып келинди.

    Анын ичинен Баткен облусуна - 378 тонна, Жалал-Абад облусуна - 819 тонна, Ош облусуна - 819 тонна, Ысык-Көл облусуна - 682 тонна, Нарын облусуна - 200 тонна, Чүй облусуна - 1300 тонна жана Талас облусуна - 779 тонна бөлүштүрүлдү.

    “Мамлекеттик материалдык резервдер фонду аркылуу ташылып келинген минералдык жер семирткичтерге болгон баа Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан бекитилип, республиканын баардык аймактарында 46,7 сом/кг сатылууда”,- деп айтылат маалыматта.


    Читать похожее

    • 17.04.2022, 22:49:36
    • 05.04.2022, 23:23:11