Опубликовано
13.04.2020, 08:00Оорунун күн санап өсүшүнөн улам дүйнөдөгү жана коңшу өлкөлөрдөгү кырдаалдарды эске алуу менен, Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын атынан, медицина адистеринин анализине таянып, айрым шаарларда жана райондордо өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимдерин узартуу мүмкүнчүлүгүн кароо сунушун билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 13-апрелде, президент Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолгушууда айтты.
[news 22808]
Ал маалымдагандай, бул чара коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышын болтурбоо үчүн адамдар ортосундагы социалдык карым-катнашты азайтуу зарылдыгынан жаралган.