
Опубликовано
11.07.2024, 04:15Өзгөн районунун Чымбай айылында жаңы мектеп пайда болот. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдришти.
Турдумамат Сарыков атындагы билим берүү мекемеси 375 окуучуга чакталат. Имарат үч блоктон туруп, анда окуу корпусунан тышкары спорт зал жана галерея каралган.
Курулуш иштери учурга карата 85 пайызга аткарылды. Андан кийин мектептин айланасын көрктөндүрүү иштери жүргүзүлөт.