Akchabarsearch
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    15.04.2024, 04:01

    Өзгөн шаарында жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен жер тилкелери аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

    Маалыматка ылайык, 2003-2005-жылдары борбордук стадиондун аймагындагы жана Н.Азнабакиев атындагы сейил бактан убактылуу пайдаланууга берилген жер тилкелери мыйзамсыз түрдө Кыргызстандын жарандарына жеке менчикке өтүп, кийин аларга 2 чайкана курулган.

    “Келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо үчүн экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгы боюнча объекттердин рыноктук баасы 42 млн 407 миң сомго бааланган”, - деп айтылат маалыматта.

    Жер тилкелеринин жана чайкананын ээлери менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө келтирилген зыяндын ордун толтуруу катары аталган объектилерди өз ыктыяры менен мамлекеттин балансына өткөрүү боюнча келишим түзүлдү.


    Читать похожее

    • 23.08.2024, 00:53:58
    • 13.08.2024, 23:25:27
    • 02.08.2024, 01:27:03
    • 15.07.2024, 05:55:47