
Опубликовано
31.08.2023, 08:31Бүгүн Бишкек шаарында Кытайдан келген газ кыймылдаткычтуу жаңы автобустар линияга чыкты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 31-август өлкөнүн Эгемендүүлүк күнү жана 1-сентябрь Билим күнүндө жаңы "Jong Tong" автобустары менен жүрүү акысыз болот.
Жаңы линиялар менен жүргөн № 15, № 51, № 52 автобустарга бекер жүрүүгө болот. Ошондой эле №100, №105, №152, №195, №32 каттамдары жаңы автобустук каттамдарга алмаштырылды



