Akchabarsearch
    Источник фото: www

    Опубликовано

    15.08.2023, 05:06

    Жалал-Абад облусунда 1-сентябрга карата жалпы 17 мектеп пайдаланууга берилет. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгү билдирди.

    Маалыматка ылайык, имараттардын басымдуу бөлүгү республикалык бюджеттен каржыланган.

    "12 мектеп өлкө казынасынан, 1 мектеп жергиликтүү бюджеттен, калган 4 мектеп эл аралык фонддордун каржылык көмөгү менен курулду", - деп айтылат маалыматта.

    Белгиленгендей, райондор боюнча алганда Аксы районунда 3, Ала-Бука районунда 2, Базар-Коргон районунда 2, Ноокен районунда 2, Сузак районунда 5, Токтогул районунда 2, Тогуз-Торо районунда 1 мектеп курулууда.

    Кошумчалай кетсек, облус боюнча жыл аягына чейин жалпы 20 мектеп бүткөрүлөт.


    Читать похожее