Akchabarsearch
Источник фото: www

Опубликовано

25.08.2023, 08:10

Быйыл жарым жылда Кыргызстанда жаңы союлган эттин баасы 3,4%га жогорулады. Бул тууралуу Улуттук Статистикалык комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, койдун эти – 12,5%га, жылкынын эти – 3,7%га, уйдун эти – 2,1%га жана чочконун эти 1,9%га кымбаттаган.

“Жаңы союлган эттин баасынын эң жогорку көрсөткүчү Талас облусунда (8,9%) катталган”.

Ошол эле учурда, бул мезгилде тамак-аш азыктары жана алкоголсуз суусундуктардын баалары Кыргызстан боюнча 3,6%га жогорулады.


Читать похожее