Akchabarsearch
    Источник фото: WWW

    Опубликовано

    28.04.2023, 03:42

    Жалал-Абад шаарында инновациялык IT борбор курулат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.

    Маалыматка ылайык, IT борбор Мамлекеттик жеке-өнөктөштүк борбору жана “IT-RUN” жоопкерчилиги чектелген коому жана Жалал-Абад шаардык мэриясы менен биргеликте курулат.

    “Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков Мамлекеттик жеке-өнөктөштүк борборунун жана “IT-RUN” жоопкерчилиги чектелген коомунун өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушуунун жыйынтыгында Мамлекеттик жеке-өнөктөштүк борбору жана “IT-RUN” жоопкерчилиги чектелген коому кызматташуу боюнча үч тараптуу меморандумга кол коюшту”, - деп айтылат маалыматта.

    Меморандумга ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясы IT борбор үчүн жер тилкесин бөлүп, имарат куруп берет. Ал эми “IT-RUN” ЖЧКсы окуу процессин уюштуруп, заманбап технологиялар менен жабдып, ата мекендик жана чет элдик IT тренерлерди тартуу менен окутууларды уюштурат.

    “Аталган борборду куруу республикалык бюджеттен бөлүнгөн 2 млрд. сомдон каржыланат”, - деп айтылат мэриянын маалыматында.


    Читать похожее