Akchabarsearch
Источник фото: www

Опубликовано

31.07.2023, 09:27

Жалал-Абад шаарында бир нече мектепке чейинки билим берүү мекемелери оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарында дем берүүчү гранттын эсебинен 6 социалдык объектиде оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Курулуштардын сметалык баасы 19 млн 704 миң 804 сомду түзөт. Анын 70%ы республикалык дем берүүчү гранттан болсо, калган 30%ы жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн.

“№16 “Ромашка” бала бакчасынын айнек-терезелери алмаштырылып, эки бөлмөсү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө. Ал эми №8 “Теремок”, №19 “Колокольчик” бала бакчаларынын айнек-терезелерин алмаштырылып, №19 бала бакчанын азык-түлүк сактоочу кампасы оңдолуп жатат”, - деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун айнек-терезелерин алмаштыруу, фасадын жаңылоо, №6 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жана №8 мектептин имаратын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү жумуштары жүрүп жатат.


Читать похожее