
Опубликовано
14.07.2023, 09:54Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон бир күндүк иш сапарынын алкагында бир катар социалдык объектилерди кыдырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Алгач Акылбек Жапаров Жалал-Абад шаарындагы облустук клиникалык оорукананын кошумча имаратынын курулушу менен таанышты. Кошумча имаратта неврология, терапия жана нефрология бөлүмдөрү жайгашаары айтылды.
“Оорукананын имаратын курууга 251,3 млн сом бөлүнгөн, курулушту 2023-жылдын октябрына чейин бүткөрүү пландалууда”, - деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, Акылбек Жапаров Жалал-Абад шаарындагы №1 мектептин кошумча имаратынын курулушу менен таанышты.
Белгилеп кетсек, кошумча имараттын курулушу 2021-жылы башталган, аны окуу жылынын башталышына бүткөрүү пландалууда.
Учурда курулуш ишинин 80% бүтүп калды, бул иш үчүн республикалык бюджеттен 79,4 млн сом бөлүнгөн.



