
Опубликовано
11.07.2023, 08:40Жалал-Абадда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен 430 млн сомдук жер тилкелери, имараттар жана курулуштар мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Бул иш боюнча соттолгондор 2000-жылдары алдамчылык жолу менен мурда мамлекеттик баланста турган мүлктү мыйзамсыз сатып алышканы белгилүү болду.
Алардын 2010-жылдын май жана июнь айларындагы административдик имараттарды күч менен басып алуу жана улуттар аралык кагылышууларды уюштурууга катыштыгы бар экендиги да аныкталган.
Учурда мамлекетке өткөн жер тилкелеринде социалдык объектилерди (бала бакчалар, мектептер ж.б.), ошондой эле Мамлекеттик ипотекалык насыялоо программасынын алкагында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн арзан турак жайларды куруу пландаштырылууда.



