Akchabarsearch
Источник фото: www

Опубликовано

27.07.2023, 10:20

Президент Садыр Жапаров Жалал-Абадда мурдагы университеттин имаратында жайгашкан жаңы адилеттик үйүн ачты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Объектти оңдоого жана реконструкциялоого мамлекеттик бюджеттен 40 млн сомдон ашык жана Президенттик фонддон кошумча 14 млн сом бөлүнгөн.

Бул каражатка имарат реконструкцияланып, сот залдарындагы эмеректер толугу менен жаңыланды.

"Санариптик программалар судьялардын жана сот аткаруучулардын ишине интеграцияланып, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жана улгайган адамдардын сот органдарына кайрылуусуна шарттар түзүлдү", - деп айтылат маалыматта.


Читать похожее