Опубликовано
17.04.2023, 03:34"Социалдык келишим" долбоорунун алкагында шаардагы аз камсыз болгон 75 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилди. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кайтарымсыз негизде 100 миң сомдон алган үй-бүлөлөр бул каражатка ишкердик баштайт.
“Өткөн жылы социалдык келишимдин негизинде 50 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилген. Алар өндүргөн продукциялардын көргөзмөсү да өттү”, - деп айтылат маалыматта.
"Социалдык келишим" долбоорунун максаты – аз камсыз үй-бүлөлөрдү оор турмуштук кырдаалдан чыгарууга түрткү берүү жана эмгекке тартуу менен жашоо сапатын жакшыртуу болуп саналат.