Akchabarsearch
Источник фото: www

Опубликовано

11.05.2023, 07:30

Ушул айдын 30-31-май күндөрү Жалал-Абад шаарында "Энергиянын кайра жаралуучу булактарын киргизүү - Жалал-Абад облусунда туруктуу жашыл туризмди өнүктүрүү" аталышында Эл аралык бизнес-форум өтөт. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, ага өлкөдөгү дипломатиялык корпустун, эл аралык уюмдардын, бизнес-коомчулуктун, академиялык институттардын өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик башчылары жана бардык кызыктар тараптар катышат.

Иш-чаранын максаты Жалал-Абад облусундагы энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу, туризмди өнүктүрүү, инвесторлордун конструктивдүү диалогу үчүн заманбап аянтчаларды уюштуруу болуп саналат.


Читать похожее