
Опубликовано
19.04.2022, 06:30Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиевдин компаниясы Жалал-Абадда бир нече тендерди утуп алган. Бул тууралуу Temirov Live каналынын иликтөөсүндө айтылды.
Маалым болгондой, 31-январда “Мока Групп” ЖЧКсы мамлекеттик сатып алуулар сайтында катталган. Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, компания Таймурас Ташиевге таандык.
Маалыматка ылайык, 28-март күнү Жаратылыш ресурстар министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгын күйүүчү-майлоочу май менен камсыздоо боюнча биринчи сынакта Таймурас Ташиевдин компаниясы жеңишке жеткен. Андан соң Жалал-Абад шаардык кеңешине жана мэриясына бензин жеткирүү боюнча тендерди утуп алган.
Журналисттер бул тендерлерге Таймурас Ташиевдин компаниясы гана катышканын баса белгилешүүдө.



