Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

26.07.2024, 06:41

Жалал-Абад маданият техникумунун директору абитуриенттерден пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК билим берүү системасындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Жалал-Абад маданият техникумунун директору Т.А.Ж. өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жасалма жол менен тоскоолдуктарды жаратуу аркылуу, абитуриенттерден техникумга кирүү үчүн акча талап кылгандыгын аныктады.

23-июлунда Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүнүн (опузалап пара талап кылуу) негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында Жалал-Абад маданият техникумунун директору Т.А.Ж. пара алып жаткан жеринен кармалды.

Учурда кармалган жаран УКМКнын Жалал-Абад шаарындагы убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.


Читать похожее

  • 22.08.2024, 03:12:39
  • 07.08.2024, 21:36:29
  • 29.07.2024, 22:13:13
  • 29.07.2024, 03:45:59