Akchabarsearch
    Источник фото: WWW

    Опубликовано

    14.04.2023, 03:49

    Жалал-Абад шаардык прокуратурасы тарабынан Жалал-Абад шаарынын мэриясында Кыргызстандын “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” мыйзамынын талаптарынын аткарылышына карата текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

    Текшерүүдө Жалал-Абад шаарынын Т.Айтакалов көчөсүндөгү муниципалдык жер тилкесине “Д-К” ЖЧК тарабынан кандайдыр-бир долбоорлоо жана курулуш курууга уруксат берүүчү иш кагаздары жок көп кабаттуу турак жайды куруп жаткандыгы аныкталган.

    Аталган факты боюнча көзөмөл органы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана 214-беренеси (“Өзүм билемдик”) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иши жүрүүдө.


    Читать похожее