Akchabarsearch
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    10.10.2023, 11:40

    Бүгүн Жалал-Абад облустук психикалык саламаттык борборуна кошумча жаңы имарат курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.

    Маалыматка ылайык, курулуш “Ассанабил” коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланып, Жалал-Абад шаардык мэриясы да жергиликтүү бюджеттен колдоо көрсөткөн.

    Жаңы курулган имарат бир кабаттан туруп, анда ашкана, бейтаптарга кеңеш берүү бөлмөлөрү жана намазкана жайгашкан.

    Белгилеп кетсек, аталган психикалык саламаттык борборунда Жалал-Абад облусу боюнча 8 миңге жакын жаран каттоодо туруп, жылына 1300дөй бейтап дарыланып чыгат.


    Читать похожее