Опубликовано
29.07.2021, 09:00Жалал-Абад облусу боюнча үйүн камсыздандыруудан өткөргөндөрдүн саны быйылкы жылы 5 миң 44тү түздү. Былтыркы жылы 191 миң 340 турак-жай каттоодон өткөн болсо да камсыздандырууга келгендер аз.
Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Жалал-Абаддагы филиалынан билдиришти.
Камсыздандыруу уюму кырсык көп катталган аймактарда түшүндүрүү иш аракеттерине карабай жарандар үйүн камсыздандырууга шашылбай жаткандыктарын кошумчалады.
Ошол эле Сузак районунун Кара-Дарыя айылындагы кырсыктан кийинки тактоодо, болгону жети үй гана камсыздандыруудан өткөндүгү аныкталган.
Турак жайды өрттөн жана табыйгый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу боюнча мыйзам долбоору 2015-жылы кабыл алынып, 2016-жылы күчүнө кирген. Бир турак-жай үчүн камсыздандыруу жылына шаарларда 1200 сом, ал эми айыл жеринде 600 сомдон коюлган.