Akchabarsearch
Источник фото: www

Опубликовано

24.08.2021, 09:00

Жалал-Абад облусунда айына 40 миң адамды кабыл ала турган калкты тейлөө борбору ачылды. Бул тууралуу “Акчабарга” Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Жаңы форматтагы калкты тейлөө борбору шаардагы Алыкулова көчөсүнүн №1 дарегинде жайгашкан. Анын аянты 700 чарчы метрди түзөт. Майыптыгы бар адамдар үчүн дагы шарттар каралган. Электрондук кезек күтүү орнотулуп, ишти видеокамералар көзөмөлдөйт.

Буга чейин Жалал-Абадда 2011-жылы ачылган жалгыз калкты тейлөө борбору жарым миллиондон ашык тургунга мамлекеттик кызмат көрсөтүп келген.


Читать похожее

  • 22.08.2024, 03:12:39
  • 07.08.2024, 21:36:29
  • 29.07.2024, 22:13:13
  • 29.07.2024, 03:45:59