Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

07.05.2024, 08:35

Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Жүзүмжан айылында эски жер көчкү активдешкени байкалууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Буга байланыштуу учурда кооптуу аймакта жашаган 10 үй-бүлө убактылуу коопсуз жайга көчүрүлүүдө.

Бул үчүн райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы тартылып, көчүрүү комиссиясы тарабынан автоунаалар бөлүндү.

Эске салсак, Жалал-Абад облусунун аймагында кооптуу аймакта 1 миң 67 үй-бүлө турмуш-тиричилигин улантып келет. Аларга жыл сайын жер которуу боюнча эскертүү берилет.


Читать похожее

  • 22.08.2024, 03:12:39
  • 07.08.2024, 21:36:29
  • 29.07.2024, 22:13:13
  • 29.07.2024, 03:45:59