Akchabarsearch
    Источник фото: www

    Опубликовано

    17.07.2023, 07:12

    Ала-Бука чек ара отрядынын чек арачылары мамлекеттик чек арага жакын жерден криптовалюталык жабдыктарды табышкан. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

    Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Жаңы-Шаар конушунун четинде кызмат өтөп жүргөн чек ара кызматы суу чарба насостук станциясынын аймагында жайгашкан белгисиз жабдууларды табышкан.

    Окуя болгон жерге келген УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлери аталган жабдык криптовалютаны чыгарууга ылайыкталганын аныкташкан.

    Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин техникалар алынып, кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.


    Читать похожее