Akchabarsearch
Источник фото: Жалал-Абад мэриясы

Опубликовано

12.04.2023, 08:26

Быйыл Жалал-Абад шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы парк реконструкцияланат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.

Оңдоп-түзөөнүн алкагында эс алуу багында жарыктандыруу, тротуарлар, отургучтар толугу менен жаңыланып, көрктөндүрүү иши жүргүзүлөт. Ошондой эле, парктагы фонтан оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт.

“Паркты реконструкциялоого 23 млн 800 миң 313 сом сарпталат. Курулуш Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланууда. Учурда паркты оңдоп-түзөө иштери башталды”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, аталган парк 1960-жылдары негизделген. Андан бери ар кайсы бөлүгүндө оңдоп-түзөө, брусчатка басуу жана асфальт төшөө сыяктуу иштер жүргүзүлгөн. Буга чейин толук реконструкциялоо иши жүргөн эмес.


Читать похожее