Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

24.04.2024, 08:05

24-апрелде нөшөрлөп жааган жаандан кийин Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Таштак, Кызыл-Сеңир, Бостон айылдарында да сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, болжол менен 73 турак үйдүн жана 3 социалдык объектини, 1 ички чарбалык көпүрөнү суу каптап, жалпы аянты 50 гектар айдоо жерлерди суу басты.

Жаралган кыйынчылыктар жоюу үчүн окуя болгон жерлерге райондук жарандык коргоо кызматтары, ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Абдулнасир Закиров баштаган ыкчам топ, 15 куткаруучу тартылып, тиешелүү жумуштар жүргүзүлүүдө.


Читать похожее

  • 19.06.2024, 04:21:07
  • 14.05.2024, 23:20:56
  • 24.04.2024, 02:05:36
  • 03.04.2024, 23:28:02