Опубликовано
13.03.2022, 04:42Кыргызстанда азык-түлүк запасы жетиштүү. Бул тууралуу Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө азык-түлүктүн жеткиликтүүлүгү боюнча кооптонууга негиз жок.
“Бүгүнкү күндө кайра иштетилген кумшекерди, ошондой эле 1,5 миң тоннага жакын импорттук кумшекерди, «Кайыңды Кант» ААКнын кампасында сакталган 11,5 миң тонна кумшекерди эске алганда, жалпы көлөмү 20 миң тоннага жакын кумшекер бар. Бул калк үчүн 2,5 айга жетиштүү. Мындан тышкары, мамлекеттик материалдык резервдердин кампаларында 2,5 айга жеткендей кумшекер бар”, - деди ал.
Жаныбеков белгилегендей, өсүмдүк майынын запасы 2,5 айга, ал эми кампалардагы запасты эске алганда дагы 3 айга жетет. Ошондой эле өлкөнүн кампаларында иштетилген унду кошпогондо 60 миң тоннадан ашык буудай бар.
Жаныбеков коомдо чуу жаратпоого чакырды, анткени бул базардагы баага таасирин тийгизет.