Akchabarsearch
    Источник фото: www

    Опубликовано

    12.04.2022, 03:56

    Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Азия өнүктүрүү банкынын вице-президенти Шисинь Чэнди кабыл алып, тараптар энергетика тармагындагы эки тараптуу мамилелердин абалын жана анын өнүгүү келечегин талкуулады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

    Маалыматка ылайык, жолгушуунун жүрүшүндө энергиянын кайра жаралуучу булактарын, жашыл экономиканы өнүктүрүү, чакан ГЭСтерди куруу, ошондой эле азык-түлүк коопсуздугу жана айыл чарба тармагындагы кызматташуу маселелери талкууланды.

    Маектештер өндүрүштүк ишкерлик жаатындагы жана аймактык кызматташтыкты жөнгө салуу, өндүрүштүк кубаттуулуктарды, электр линияларын реконструкциялоо жана куруу, транспорт жана жол инфраструктурасын илгерилетүү, мамлекеттик ипотекалык насыялоону өнүктүрүү зарылдыгын белгилешти.

    Министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, 8-апрелде Бишкекте Энергетикалык форум болуп өттү, анын натыйжасы боюнча энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү долбоорлорду өнүктүрүү боюнча бир катар документтерге кол коюлду.

    Өз кезегинде Азия өнүктүрүү банкынын вице-президенти: «Кыргызстан Азия өнүктүрүү банкынын маанилүү өнөктөшү болуп саналат. Биз негизги маселелер боюнча, анын ичинде транспорт жана энергетика тармагында кабыл алынган милдеттенмелерибиздин алкагында кызматташууну өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө ниеттенүүдөбүз. Республиканын мындан ары өнүгүүсү боюнча так көз карашы жана пландары бар жана биз бул иш-чараларга активдүү катышууну каалайбыз»,- деп баса белгиледи.


    Читать похожее