Опубликовано
09.04.2022, 06:35Бишкек шаарына жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустарды сатып алуу маселеси кыска мөөнөттө чечилиши керек. Бул туурасында министрлер кабинетинин кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Анын айтымында, Бишкек шаарына жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустарды сатып алуу үчүн республикалык бюджеттен тийиштүү финансы каражаттары бөлүнгөн. Бирок маселени чечүүдө эч кандай жылыш жок.
"Шаардыктар менен борбордун меймандары дагы эле жүргүнчүлөрдү ташуучу коомдук транспорттун тийиштүү көлөмү жетишсиздигине байланыштуу чоң көйгөйлөргө дуушар болууда. Бул маселени кыска мөөнөттө чечип, автобус өндүрүүчүлөр менен тиешелүү келишимдерди түзүү зарыл. Создуктурууга убакыт жок", - деди Жапаров.
Белгилей кетсек, буга чейин бийлик Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан 25 млн евро өлчөмүндө жеңилдетилген насыя жана 8 млн евро грант алып, ал каражат Бишкекке автобустарды сатып алууга жана Бишкек шаарынын автобус паркын оңдоого жумшалары маалым болгон.