Опубликовано
10.04.2022, 03:39Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын Борбор Азия өлкөлөрү боюнча аймактык директору Татьяна Проскурякованы кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын региондук жана эл аралык бирикмелердеги экономикалык интеграциясын тереңдетүү, энергетика тармагын өнүктүрүү, жагымдуу инвестициялык климатты түзүү жана кайра жаралуучу энергия булактарын пайдаланууну кеңейтүү сыяктуу багыттарда мындан ары кызматташуу маселелерин талкуулашты.
Тараптар ошондой эле Россия менен Украинанын ортосундагы түзүлгөн кырдаалды, анын ичинде биздин өлкөнүн экономикасына тийгизген таасирин талкуулашты.
Жапаров Кыргызстанда Украинадагы кырдаал чоң тынчсызданууну жаратып жатканын белгиледи.
«Кыргызстан калыс жана бейтарап позицияны карманууда. Биз Россия менен Украинанын өкүлдөрүнүн ортосунда жүрүп жаткан сүйлөшүүлөрдү кубаттайбыз», - деп белгиледи Жапаров.
Өз кезегинде Татьяна Проскурякова чатакташкан тараптардын ортосунда тынчтык келишими орун алаарына ишеним билдирип, ошондой эле өлкөбүздүн стратегиялык өнүгүүсүнүн негизги багыттарында жана министрлер кабинети тарабынан көрүлүп жаткан бардык чараларга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.