Опубликовано
29.03.2022, 03:29Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттик аппараттын кеңешмесинде республиканын борборундагы жана аймактарындагы мал базарлардын абалын кескин сынга алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Жапаров республикадагы бардык мал базарларды ирээтке келтирип, асфальт төшөөнү тапшырган.
«Кечээ Каракол шаарындагы мал базарга келгендер жиберген видеону көрдүм. Эл ылайды кечип жүрөт, жарандар үчүн жөнөкөй шарттар каралган эмес, бул 2022-жылы КМШнын маданий борбору катары тандалган шаарда болуп жатат. Баарын тазалап, асфальт төшөп жана иштин жыйынтыгын билдирүүгө бир ай убакыт берем. Бул бир эле Караколго эмес, республиканын бардык мал базарларына тиешелүү. Жеке өзүм барып баарын текшерем», - деди Жапаров.
Ошондой эле ал кошумчалагандай, ар бир мамлекеттик орган жарандар тарабынан социалдык тармактарда жарыяланып жаткан бардык кайрылууларга реакция кылып, ыкчам жооп кайтарышы керек.