akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    10.10.2020, 13:00

    Өкмөт башчылыкка сунушталган Садыр Жапаров «Ала-Арча» резиденциясында өтүп жаткан Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетерин айтты.

    [news 28894]

    Депутат Тазабек Икрамов ага «президент Сооронбай Жээнбеков менен иштешүүгө даярсызбы?» деген суроо узатты.

    «Мен Сооронбай Жээнбеков менен сүйлөштүм. Ал арыз жазып кызматтан кетем деди. Сиздер азыр бекитип берсеңиздер арыз жазып кетем деп өзүнүн сөзүн айтты», ­– деди Жапаров.

    Учурда Садыр Жапаров өзүнүн программасы менен тааныштырып бүтүп, депутаттардын суроолоруна жооп берип жатат.