Опубликовано
14.04.2022, 11:59Кыргызстан өзбекстан менен өз ара товар жүгүртүү көлөмүн жогорулатуу боюнча чечкиндүү аракеттерди көрүүгө даяр. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондун расмий ачылыш салтанатында билдирди.
Жапаров белгилегендей, Өзбекстан Кыргызстандын маанилүү соода-экономикалык өнөктөшүнүн бири болуп саналат.
«Бүгүнкү күндө кыргыз-өзбек чек арасына жакын аймакта логистикалык борборлорду куруу боюнча долбоорлор активдүү фазада ишке ашырылууда. Кызыл-Кыя шаарындагы Фергана жана Баткен облустарын байланыштырган соода-логистикалык борборду курууга жана ишке киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Аталган соода-логистикалык борборду ишке киргизүү өлкөлөр ортосундагы экспорттук-импорттук операцияларды өнүктүрүүгө чоң түрткү берет деп ишенем», - деди Жапаров.
Анын айтымында, Кызыл-Кыя шаарын Кытай менен чектеш Эркештам өткөрүү пункту менен байланыштырган унаа жолунун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу иштери башталды.
«Ал жерде логистикалык борбор куруу да пландалууда. Кыргызстан Өзбекстан менен Кытайдын ортосундагы транзиттик көпүрө катары чыгууга даяр. Мындай келечектүү инфраструктуралык долбоорлор ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында министрлер кабинети тарабынан артыкчылыктуу маселе катары каралат. Ошондой эле биз Өзбекстанга цемент, көмүр, картошка, эт, сүт жана сүт азыктарын жеткирүүнү камсыздоого жана анын көлөмүн жогорулатууга даярбыз. Ал эми Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду өз ара пайдалуу инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн натыйжалуу аянтча катары бизнес субъекттеринин түз байланышын чыңдоого чоң салым кошуп, ошондой эле жаңы биргелешкен ишканаларды ачууга өбөлгө түзөт деп ишенем», – деп белгиледи ал.
Өз кезегинде Өзбекстандын премьер-министринин орун басары – инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков эки өлкө лидерлеринин саясий эркине жараша эки тараптуу өз ара аракеттенүү жаңы сапаттуу деңгээлге чыккандыгын белгиледи.