Akchabarsearch
    Источник фото: Президенттик аппарат

    Опубликовано

    17.04.2022, 04:38

    “Ысык-Көл” мейманканасынын ордуна салынып жаткан ак үйгө бюджеттен бир тыйын акча кеткен жок. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров өзүнүн фейсбуктагы өздүк баракчасына жазды.

    "Биздин коомчулукка жакшы иш жасасаӊ да, жаман иш жасасаӊ да жакпайсын.

    Ошол үчүн мурдакылар эч нерсе жасабай эле жыргап олтура берейинчи деп тажаган сыяктуу? “Ысык-Көл” мейманканысынын ордуна салынып жаткан ак үйгө мамлекеттин бир тыйын акчасы кеткен жок. Болгону Президенттин иш башкармалыгына караштуу 16 гектар жерге алмашып жатабыз. Биз жер бердик, алар имарат куруп берди. Бүттү. Ансыз деле мамлекетке караштуу жерлерди 30 жылда талап тоноп бүтүшүптүр. Бул 16 гектар жер деле бир күнү жеке колдорго өтүп кетмек. Андан көрө мамлекеттин пайдасына бир имарат туруп калсын дедик. Эч кам санабаӊыздар. Ар бир жасаган ишибиз, кабыл алган чечимдерибиз жалпы элдин, мамлекеттин гана пайдасына болот", - деп жазган мамлекет башчысы.

    Айта кетсек, президент Садыр Жапаров курулушка канча акча кетерин жана кайсы 16 гектар жер экенин жазган жок.

    Эске сала кетсек, 15-апрелде Садыр Жапаров президентинин администрациясынын Бишкек шаарындагы жаңы имаратынын курулушуна капсула салган. Анда мамлекет башчысы аянты 21 миң чарчы метрди түзгөн жаңы имарат сапаттуу салынышы керектигин айтып, бул имарат эле эмес, кийинки муунга да кызмат кылышы керектигин белгилеген.

    Ал эми жаңы административдик комплекстин курулушу борбордук башкаруу аппаратынын ишин оптималдаштырууга, башкарууну эффективдүү жүргүзүүгө шарттарды түзүүгө, уюмдардын өз ара аракеттенүүсүн тездетүүгө, техникалык тейлөөгө кеткен чыгымдарды оптималдаштырууга мүмкүндүк берери белгиленген.


    Читать похожее