Опубликовано
05.03.2022, 06:33Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында Транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоевдин 2022-жылга карата жолдорду куруу пландары боюнча баяндамасын укту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, мындан ары карай жолдорду курууда жол жээгиндеги тийиштүү инфраструктураны түзүү үчүн финансы каражаттары каралышы зарыл.
«Буга катар асфальт-бетон жолдорду куруунун көлөмүн көбөйтүү керек, ал эми керектүү материалдарды сатып алуу боюнча бардык тендерлер өз убагында жүргүзүлүшү шарт», - деп белгиледи Жапаров.