Akchabarsearch
    Источник фото: www

    Опубликовано

    30.08.2023, 04:54

    Жапон өкмөтүнүн "Чөптүн тамыры жана адам коопсуздугу" гранттык программасынын алкагында Бишкектеги №10 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна 55 миң долларлык УДИ аппараты тапшырылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

    Маалыматка ылайык, иш-чарага министрдин орун басары Улан Садыков, Жапониянын Кыргызстандагы элчиси Года Хидеки, Бишкек шаарынын Саламаттыкты сактоо башкармалыгынын директору Бакытбүбү Шамырканова жана ҮМБнын кызматкерлери катышты.

    Министрдин орун басары өз сөзүндө жапон тарапка саламаттык сактоо уюмдарын медициналык жабдуулар менен камсыздоодо көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.


    Читать похожее