Akchabarsearch
    Источник фото: www

    Опубликовано

    24.08.2023, 11:45

    Бүгүн Улуттук кардиология жана терапия борборуна Жапон өкмөтү “Чөптүн тамыры жана адам коопсуздугу” гранттык программасынын алкагында медициналык жабдууларды тапшырды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

    Гранттык келишимге ылайык, жалпы суммасы 6 млн 634 миң 544 сомго трансэзофагеалдык эхокардиография үчүн сенсору бар эксперттик класстагы көчмө санариптик УДИ системасы тапшырылды.

    Иш-чара Саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырованын, Жапониянын Кыргызстандагы элчиси Год Хидекинин катышуусунда өттү.


    Читать похожее