Опубликовано
12.04.2022, 03:24Жарасул Абдураимов "Кыргызалтын" ААК башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган компаниянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жаңы дайындалган жетекчини эмгек жамаатка министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тааныштырган.
Айта кетсек, Абдураимов 2020-жылдын октябрынан 2021-жылдын июлуна чейин өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматын аркалаган.