Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

02.08.2024, 08:05

Кыргызстанда 6 айдын ичинде 9 млрд 80 млн кВт/саат электр энергиясы керектелди. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

Анын айтымында, керектелген электр энергиясынын 6 млрд кВт/сааттан ашыгы ГЭСтерден, ал эми 870 млн кВт/сааты Бишкек ЖЭБинен өндүрүлдү.

“2 млрд 200 млн кВт/сааты импорттолду. Россиядан 909 млн кВт/саат, Түркмөнстандан 830 млн кВт/сааттан көп, Өзбекстандан 275 млн кВт/саат электр энергиясы алынды”, - деди министр.


Читать похожее

  • 02.08.2024, 02:05:09
  • 12.12.2023, 21:15:20