
Опубликовано
15.08.2023, 09:51Ушул жылдын январь-июнь айларында Евразия экономикалык биримдигинде өнөр жай өндүрүшү 2022-жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу 102,8% түздү. Бул тууралуу ЕАЭБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү бардык мүчө мамлекеттерде байкалды.
Тактап айтканда, Беларуста - 6%, Казакстанда - 3,8%, Орусияда - 2,6%, Арменияда - 1% жана Кыргызстанда - 0,4%ды түздү.



