Akchabarsearch

Опубликовано

26.07.2019, 10:38

Америкалык Илон Маск жасалма интеллекти тажрыйбада сынап баштады. "Financial Times" гезити Илон Масктын Сан-Францискодогу жасалма интеллект - мээге салына турган "нейролинк" аттуу жаңы техникалык жетишкендигин талдаганын Азаттык медиа жазып чыкты.

[news 16400]

Илон Маск адамдын мээсине коюла турган бул чиптерди ойлоп табууга Маск 100 миллион доллардык инвестиция жумшап, дүйнөдөгү окумуштууларды ушунун үстүнөн иштөөгө чакырган.

Учурда Нью-Йорктогу "CTRL-Labs" компаниясынын жетекчиси Томас Рердон бул чиптер неврологиялык бейтаптар үчүн чоң табылга деген пикирин айтты. Азырынча жасалма акыл чиптери келемиштердин мээсине орнотулуп, тажрыйба жасалды. Сан-Францискодогу илимий жыйында Илон Маск эми бул чиптер маймылдарга орнотула турганын айтты.

[news 15813]

Мээге орнотулчу импланттар омурткасы сынып, шал болуп калгандарга, сүйлөө, басуу жөндөмүнөн ажырагандарга чоң жардам бере алат. Имплант бейтаптын оюн окуп, телефон, смартфондогу атайын программага чыгарат.

Буга чейин АКШнын Коргонуу долбоорлору боюнча башкы агенттиги нейротехнологиялык импланттарды аскердик максатта пайдаланууга кызыгып келген. Ал эми Кытайда окумуштуулар маңзатка көз каранды адамдарга жасалма интеллекти бар имплант тагып, бейтаптарды көзөмөлгө алууну ишке ашырган.


Читать похожее