akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    13.08.2024, 07:25

    Быйыл Швейцариянын Женева шаары жашоо үчүн эң кымбат калаа аталды. Дүйнөдөгү эң чоң маалымат базасы, ар кайсы өлкөлөрдөгү адамдардын жашоо сапаты жана баа боюнча Numbeo.com компаниясынын маалыматына караганда, экинчи орунда Цюрих жайгашса, үчүнчү орунда Нью-Йорк, Сан-Франциско жана Бостон шаарлары турат.

    Ошондой эле эң кымбат калаалар рейтингине Рейкьявик, Вашингтон, Сиэтл, Лос-Анжелес жана Чикаго кирди.

    Жалпысынан тизмеде 218 шаар бар. Аны түзүүдө азык-түлүк товарларынын, ресторандардын, транспорт жана коммуналдык кызматтардын баасы эске алынды.