Опубликовано
16.10.2023, 06:40Сентябрдын аягында жүгүртүүдөгү акчанын көлөмү 195 млрд 296,6 млн сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук банктын материалдарында айтылат.
Улуттук банктын маалыматы боюнча, өткөн жылдын ушул мезгилинде банкноттордун жана монеталардын көлөмү 6,29%га өсүү менен 183 млрд 737,1 млн сомго бааланган.
Мында республикадагы жалпы акча базасы каралып жаткан мезгилдин акырына карата 353 млрд 844,1 млн сомго жетти.