
Опубликовано
21.07.2023, 03:23Жыл башынан бери ишкерлер 1 трлн 71 млрд сомдук 8 млн 449 миң электрондук эсеп-фактураларды беришти. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов өкмөт жыйынында билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө электрондук эсеп-фактураларды 49 200 салык төлөөчү колдонот, бул өткөн жылга салыштырмалуу 19 миңге көп.
"Аналитикалык иштердин жыйынтыгы боюнча “Электрондук эсеп-фактура” маалыматтык системасы жакшыртылды. Бул кошумча нарк салыгы боюнча түшүүлөрдүн көбөйүшүнө шарт түздү", - деп билдирди Алтынбек Абдувапов.



