Быйылкы жылы республика боюнча Министрлер кабинетинин токтомдору менен 19 миң 860 га жер тилкеси трансформацияланды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен:
калктуу конушка – 200 га;
логистикалык борборлорго – 3,42 га;
чек аралык заставага – 200 га;
тоо-кен тармагына инвестициялоого – 19396 га;
пляждык зонага – 14,8 га;
дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексине – 46,13 га.