Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

23.04.2024, 05:05

Ушул жылдын 22-апрелине карата “Айыл чарбасын каржылоо-12” долбоорунун алкагында дыйкан-фермерлерге 1 млрд 244 млн 836 миң сомго 3024 насыя берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Насыялар эки категория боюнча берилүүдө.

  • Өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 114441,0 миң сомго 356 насыя;
  • Мал чарбачылык категориясы боюнча жалпы 1130395,0 миң сомго 2 миң 668 насыя.

Аталган долбоорду ишке ашырууга “Айыл Банк” жана “РСК Банк” ачык акционердик коомдору катышууда.

Долбоор дыйкан-фермерлерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында ишке ашырылууда.


Читать похожее

  • 23.08.2024, 00:30:41
  • 21.08.2024, 21:50:11
  • 13.08.2024, 21:55:15
  • 04.08.2024, 23:35:06