Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

03.06.2022, 09:00

Ушул жылдын январь-май айларында Мамлекеттик салык кызматы бюджетке 60 млрд 866 млн сом салык жана төлөмдөрдү жыйнады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бекитилген план 102,1 %га аткарылды же салык 1 млрд 245,6 млн сомго ашык чогултулду.

2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу каражат 22 млрд 436 млн сомго көп жыйналды (өсүү ыргагы 158,4 %).