Akchabarsearch
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    29.05.2020, 06:40

    Жыл башынан бери «Айыл чарбасын каржылоо-8» долбоору боюнча 2,4 млрд сом жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев билдирди.

    [news 23953]

    Анын айтымында, «Айыл чарбасын каржылоо» долбоору» 2013-жылдан бери иштеп келет. Андан бери айыл чарба багытында иштеген 90 миңден ашык жаранга 34 млрд 512 млн сом жеңилдетилген насыя берилген.

    «Быйыл жылы «Айыл чарбасын каржылоо-8» долбоору боюнча бүгүнкү күнгө карата 5 миңден ашык жеңилдетилген насыя берилип, алын суммасы 2 млрд 400 млн сомду түздү», - деди ал.


    Читать похожее

    • 02.06.2020, 02:00:59
    • 29.05.2020, 00:40:44