Akchabarsearch
    Источник фото: www

    Опубликовано

    27.02.2022, 04:46

    Үстүбүздөгү жылдын башынан тарта Кыргызстанда керектөө бааларынын өсүшү 1%ды түздү. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди.

    Анын айтымына караганда, мында алкоголдук ичимдиктерге жана тамекилерге баалар 3,6%га, тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга - 0,9%га, калкка кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер - 0,5%га, азык-түлүк эмес товарларга - 0,4%га кымбаттады.

    "2022-жылдын январь айында өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу керектөө бааларынын жана тарифтеринин өсүшү республиканын бардык аймактарында белгиленди", - деди Амангелдиев.


    Читать похожее